Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-январы № 2-5-6-7
Кең-Сай массивиндеги ФАПтын кароолу Касымов Кубанычбекке жана Гүлбаар айылындагы
мазардын кароолу Нурматов Кылычка айыл өкмөтүнүн кошумча кирешесинин эсебинен
айлык акы белгилеп берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги меселелерди карап, талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атазаковдун Кең-Сай массивиндеги ФАПтын кароолу Касымов Кубанычбекке жана Гүлбаар айылындагы мазардын кароолу Нурматов Кылычка айыл өкмөтүнүн кошумча кирешесинин эсебинен айлык акы белгилеп берүү жөнүндөгү сунушу канааттандырылсын.
2. 2013-жылдын январь айынан баштап айыл өкмөтүнүн кошумча кирешесинин эсебинен Кең-Сай массивиндеги ФАПка кароол болуп Касымов Кубанычбек 3000 (үч миң ) миң айлык акысы менен жана Гүлбаар айылындагы мазарга Нурматов Кылыч январь айынан баштап 500 (беш жүз) сом айлык акысы менен кароол болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Рысбаевага жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |