Редакцияот 06.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 6-марты № 3

Керметоо айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012-жылдын аткарылышы жана

2013-жылга айылдык бюджетин бекитүү жөнүндө

 

 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү тарабынан айылдык экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн 2013-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан жактырылган айылдык бюджетинин 2012-жылдын аткарылышы, 2013-жылга айылдык бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап:

Депутаттардын Керме-Тоо айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл Өкмөтүнүн 2013-жылга айылдык бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 35737,0 миң сом суммасында бекитилсин.

2. Керме-Тоо Өкмөтүнүн 2014-2015-жылдарга айылдык бюджетинин негизги параметринин болжолу жактырылсын. Киреше жана чыгаша бөлүгүн категориалдык грант боюнча божомол 2014-жылга 30184,5 миң сом, 2015-жылга 30184,5 миң сом суммасында, ал эми теңдештирүүчү грант боюнча бжомол 2014-жылга 1687,9 миң сом, 2015-жылга 1694,9 миң сом суммасында 2014-2015-жылдарга жактырылган айылдык бюджетинин божомолдуу параметрлери алар кабыл алынган ар бир конкреттүү жылда тактоого алынсын.

3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2013-жылга айылдык бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар № 1 тиркемеге ылайык белгиленсин.

4. Чыгымдарды каржылоого биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлөт. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик акыталардын кабыл алынышына байланшытуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы жана каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөнкүлөргө укуктуу:

 - эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө:

- кирешелердин болжолдолгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга:

- киргизилген өзгөртүүлөр Керме-Тоо айылдык Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.

- төлөөчү подох салыгы салыкчылар 50 пайызы эсебинде, сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызы эсебинде жана транспорт салыгы, жер салыгы патентен алынуучу салык ФПС жерлеринин ижара акысы, кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100% пайызы айылдык бюджетке чегерилсин.

6. Керме-Тоо айылдык бюджетине билим берүү чөйрөсү үчүн Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетинен категориалдык гранттардын өлчөмү № 2 тиркемеге ылайык чыгашалардын 30184,5 миң сом жалпы суммасында белгиленсин. 2014-2015-жылдарга республикалык бюджетинен категориалдык гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу № 3 тиркемеге ылайык жактырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджетинен теңдөөчү гранттардын өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык 1862,5 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында айылдык бюджети үчүн бекитилсин. 2014-2015-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү грантттардын өлчөмдөрүнүн болжолу № % тиркемеге ылайык жактырылсын. Ушул беренеде аныкталган өлчөмдө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү теңдөөчү гранттар биринчи кезекте корголгон статьяларга «эмгек акы» жана Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна чегерүүлөр беренелерине жана коммуналдык чыгашаларды жабууга андан кийин ар түрдүү чыгымдарга жумшоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу камсыз кылынсын.

8. 2012-жылдын Керме-Тоо айылдык бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 01.01.2012-жылга 643214 сомго калган калдыкты кошуп, 2012-жыл ичинде киреше 38933643 сом бардык киреше 39576857,6 миң сом түзөт, ал эми чыгашалар боюнча 39411161 сомду түзөт.

9. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 1-январь 2013-жылга казынадагы 165696 сом калдык акча каражатын иштеттүү жөнүндө № 6 тиркемеге ылайык жактырылсын.

10. Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин деңгээлинде 4 штат айыл башчы киргизилсин. (7-тиркеме тиркелет).

11. Айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына бул токтомдун аткарлылышына көзөмөлдүк кылуу, бюджетти толуктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтүү милдеттендирилсин.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Гүлжигитов