Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы № 5-1
Манас участкасындагы кирпич заводунун
3 га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Керме -Тоо айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атазаковдун Гүлбаар айылынын Манас участкасындагы кирпич чыгаруучу заводго 3 га кайрак жер аянтын ижарага ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун карап кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атазаковдун Гүлбаар айылынын Манас участкасындагы кирпич чыгаруучу заводго ошол кирпич заводдун жанынан 3 га кайрак жер аянтын ижарага ажыратып берүү жөнүндөгү сунушу канаатандырылсын.
2. Жогорудагы 3 га кайрак жерди ижарага берүүдө документтерди мыйзам чегинде аткаруу айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча адиси А.Шерматовго жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |