Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы № 5-2
Гүлбаар айылындагы № 8 /ДТнүн имаратын оңдоо боюнча
проектисине айыл өкмөтүнүн салымы жөнүндө
Керме -Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Гүлбаар айылындагы № 8 /ДТнүн жетекчиси А.Исмаиловдун № 8 /ДТнүн имаратын оңдоо боюнча жазылган проектисине айыл өкмөтүнөн 55 (элүү беш миң) сом акчалай салым кошуу жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы № 8 /ДТнүн имаратын оңдоо боюнча жазылган проектисине айыл өкмөтүнөн
55 (элүү беш миң) сом салым кошуу жөнүндөгү № 8 /ДТнүн жетекчиси А.Исмаиловдун өтүнүч каты мыйзамдын негизинде канааттандырылып проект боюнча алынып жаткан түрткү берүүчү грантка кошумча салым
55 (элүү беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Атазаковго жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |