Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы № 5-3
Гүлбаар айылынын Жаштык участкасындагы Анарбаев Кылычбектин үйүнүн жанындагы
айыл чарбасына жараксыз болгон 0,17 га жерди сатуу боюнча сунушун кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовдун Гүлбаар айылынын Жаштык участкасындагы Анарбаев Кылычбектин үйүнүн жанындагы айыл чарбасына жараксыз болгон 0,17 га жер аянтын сатуу жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовдун Гүлбаар айылынын Жаштык участкасындагы Анарбаев Кылычбектин үйүнүн жанындагы айыл чарбасына жараксыз болгон 0,17 га жерди сатуу боюнча сунушу канаатандырылсын.
2. Анарбаев Кылычбектин үйүнүн жанындагы айыл чарбасына жараксыз болгон 0,17 га жерди аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |