Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-майы № 5-4
Каналдардагы алыштарга СПА кызматкерлеринин уруксаты жок
тийген тургундарга айып пул салуу жөнүндө
Керме -Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Күн тартибиндеги 3–маселе боюнча «Исан» СПАнын директору К.Мурзаевдин жана айыл өкмөтүнүн ирригация боюнча адиси Т.Маматовдордун Каналдардагы алыштарга СПА кызматкерлеринин уруксаты жок тийген тургундарга айып пул салуу жана сугат суунун акысын жерди сатып алып иштеткен адам төлөсүн деген сунушун карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында каналдагы алышка тийисе 1000 сомдон 2000 сомго чейин, каналга өз башынча алыш ачса 5000 сом айып пул салынсын.
2. Сугат Суу акысын жерди сатып алып иштеткен адам төлөсүн.
3. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө «Исан» СПАнын директору К.Мурзаевге жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |