Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июлу № 6-3
Жер сатуудан түшкөн 606 сом акча каражатынан Гүлбаар айылындагы
мектепке чейинки балдар бакчасы жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына
келтирүү борборуна оңдоп түзөө иштерине ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атазаковдун, жер сатуудан түшкөн 606 сом акча каражатынан Гүлбаар айылындагы мектепке чейинки балдар бакчасы жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү борборуна оңдоп түзөө иштери үчүн жалпысынан 406 ( төрт жүз алты) миң сом акча каражаты ажыратып берсеңиздер деген сунушун карап, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер сатуудан түшкөн 606 сом акча каражатынан Гүлбаар айылындагы мектепке чейинки балдар бакчасы жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү борборуна оңдоп түзөө иштери үчүн жалпысынан 406 ( төрт жүз алты) миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Рысбаевага жүктөлүсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |