Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-июлу № 6-1-2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, ишкана-мекемелердин кышкы даярдыгын айыл
өкмөтүнө жүктөө жана ташылып келинген көмүрдүн сапатын текшерип алууну мектептердин
директорлоруна жана завхоздоруна жүктөө жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары депутат А. Жолоновдун айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, ишкана-мекемелердин кышкы даярдыгы толугу менен өкмөтүнө жүктөлсүн жана ташылып келинген көмүрдүн сапатын текшерип алуу мектептердин директорлоруна жана зовхоздоруна жүктөлсүн деген сунушун карап, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, ишкана-мекемелердин кышкы даярдыгы толугу менен өкмөттүнө жүктөлсүн.
2. Ташылып келинген көмүрдүн сапатын текшерип алуу мектептердин директорлоруна жана зовхоздоруна жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |