Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 8-2
Гүлбаар айылындагы №10 Токтогул орто мектебинин
эски имаратын жана 15500 кв. м. жер аянты менен айыл
өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жана
айланасындагы жерлерди эски лаборатория, буфет,
көмүркана жана складдарды аукцион аркылуу сатуу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары Гүлбаар айылындагы №10 Токтогул орто мектебинин эски имаратын жана 15500 кв. м. жер аянты менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жана айланасындагы жерлерди эски лаборатория, буфет, көмүркана жана складдарды аукцион аркылуу сатуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атазаковдун сунушун карап,кызуу талкуулап төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 10 Токтогул орто мектебинин эски имараты жана 15500 кв. м. жер аянты менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн.
2. № 10 Токтогул орто мектебинин эски имараты айланасындагы жерлерди эски лаборатория, буфет, көмүркана жана складдарды мыйзам чегинде аукцион аркылуу сатуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |