Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 8-3
№ 10 Токтогул орто мектебинин эски имаратындагы жаңы келген али иштетүүгө бериле элек жана иштетилген парта стол, стулдарды, айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге окуучулардын санына карап бөлүп берүүнү айыл өкмөтүнө жүктөө жөнүндө
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары Гүлбаар айылындагы
№ 10 Токтогул орто мектебинин эски имаратындагы жаңы келген али иштетүүгө бериле элек жана иштетилген парта стол, стулдарды, айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге окуучулардын санына карап бөлүп берүүнү айыл өкмөтүнө жүктөө жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Р. Бекеновдун сунушун карап,кызуу талкуулап төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. № 10 Токтогул орто мектебинин эски имаратындагы жаңы келген али иштетүүгө бериле элек жана иштетилген парта стол, стулдарды, айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерге окуучулардын санына карап бөлүп берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Ушул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык иштер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |