Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-декабры № 9-2
№ 48 «Гүлбаар» орто мектеби жайгашкан жердин аянтын
тактап, такталган жердин документин даярдоо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын IХ-сессиясынын отурумунда
күн тартибиндеги 2- маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Шерматов Абдиллабектин Гүлбаар айылындагы № 48 «Гүлбаар» орто мектебинин азыркы мезгилдеги жер аянтын тактап,ченөө жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылындагы № 48 «Гүлбаар» орто мектебинин азыркы мезгилдеги жер аянты такталып, мектептин бүгүнкү күндөгү такталган жер аянтынын документи даярдалсын.
3. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Араван райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан жана Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |