Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-декабры № 9-6
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары, айылдык кеңештин төрагасы С. Гүлжигитовдун № 493 Жеңиш шайлоо участкасынан депутат болуп шайланган Кабулов Осмон каза болгондугуна байланыштуу анын ордуна кийинки көп добуш алган айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоо жөнүндө өтүнүч кат Араван аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жөнүндө деген сунушун карап, кызуу талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 493 Жеңиш шайлоо участкасынан депутат болуп шайланган Кабулов Осмон каза болгондугуна байланыштуу анын ордуна кийинки көп добуш алган айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоо жөнүндө өтүнүч кат Араван аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
2 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |