Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин II (бешинчи шайланган) сессиясы
2014-жылдын 15-январы № 3\3
“Сатыбай” үрөн чарбасынын жетекчиси
А.Үсөбаевдин арызын кароо жөнүндө
Айылдык кенештин депутаттары кенештин катчысы М.Маматалиевдин Кенжекул айлындагы “Сатыбай” үрөн чарбасынын жетекчиси үсөбаев Акылбектин келишимде көрсөтүлгөн ижара акысын 70-80%га азайтып берүү жөнүндөгү арызы боюнча билдирүсүн угуп,талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенжекул айлындагы ‘"Сатыбай” үрөн чарбасынын жетекчиси Үсөбаев Акылбектин “2010-жылдагы июнь окуяларынын кесепетинен пахтанын түшүмү болбой калгандыктан" келишимде көрсөтүлгөн ижара акысын 70-80%га азайтып берүү жөнүндөгү арызы айылдык кенештин айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
2. Комиссия мүчөлөрүнө - аракеттеги мыйзамдардын негизинде жана тиешелүү адистердин катышуусунда арызды териштирип, териштирүүнүн жыйынтыгын кезектеги еессиянын кароосуна коюлсун.
3. Айылдык кенештин катчысы М.Маматалиевге арыз ээси А.үсөбаевди тишелүүу иш кагаздары менен кезектеги сессияга катышуусун камсыз кылсын.
4. Токтомдун көчүрмөсү арыз ээсине таанышуу учун жөнөтүлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |