Редакцияот 08.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы

 

2013-жылдын 8-январы № 2/7

Сары-Таш айылдык Кеңешинин печать-штампын алуу үчүн

айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Сары-Таш айылдык Кенешинин печать-штампын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Сары-Таш айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Таш айылдык Кенешинин печать-штампын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын салыктарынан ашыкча аткарылган акча каражатынын эсебинен 15 000 (Он беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Жогоруда көрсөтүлгөн 15 000 сомдун , 10 000 (Он мин) сом акча каражаты Алай райондук салык инспекциясына жазана үчүн которулуп берилсин.

3.Калган 5000 (беш мин) сом акча каражаты печать-штамп алуу үчүн келишимдин негизинде “Дастан-Юг” ЖЧКсына которулуп берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы - Н. Бекмурзаевага милдеттендирилсин.

5. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы -

Б. Тойматовго жүктөлсүн.

 

Сары-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Эсенбаев