Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 3/2
“Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2011-2012-жылдардагы бюджетинин аткарылышы
жана 2013-жылга бюджетти бекитүү, 2014-2015-жылдарга бюджетти
болжолдуу бекитүү жөнүндө”
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылда Сары-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 14131,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 13874,0 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2012-жылда Сары-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 17101,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 16766,3 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. 2013-жылга Сары-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 16217,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 16217,6 миң сомго бекитилсин.
4. 2014-жылга болжолдуу бюджети 16569,3 миң сомго, 2015-жылга 16974,3 миң сомго бекитилсин.
5. Сары-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Бюджете каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Б. Тойматовго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |