Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 3/3
“Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу «Алтын Бешик Жибек Жолу» балдар
бакчасынын 2012-жылга карата ата-энелер жыйымынан түшкөн акча
каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө”
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылы Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу «Алтын Бешик Жибек Жолу» балдар бакчасынын ата-энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 38100 сомго бекитилгендиги жана чыгаша бөлүгү 30000 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2012-жылда аткарылбай калган ата-энелер жыйымынын 8100 (сегиз миң бир жүз) сом акча каражаты толугу менен топтолуп, айыл өкмөттүн киреше бөлүгүнө тез арада төгүлсүн жана балдар бакчасынын директору Г. Эсеновага милдеттендирилсин.
3. 2013-жылга Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу «Алтын Бешик Жибек Жолу» балдар бакчасынын ата-энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 42000 сомго жана чыгаша бөлүгү 42000 сомго бекитилсин.
4. Ата-энелер жыйымынан түшкөн 42000 сом акча каражаты балдардын ысык тамагы үчүн азык-түлүккө (ст. 22181100 – 42000 сом) жумшалсын.
5. Атайын каражаттын акчасын өз убагынан кечиктирбей төгүү жана туура, максаттуу жумшалышын камсыз кылуу, ошондой эле отчетун өз убагында айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын директору Г. Эсеновага милдеттендирилсин.
6. Атайын каражатты смета боюнча каржылоо жагын камсыз кылуу айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Бекмурзаевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет комиссиясынын төрагасы Б. Эмиловго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |