Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 3/6
“Сары-Таш айыл округуна караштуу №39 Сары-Таш орто мектебине
көмүркана куруу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен
ишке ашыруу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Сары-Таш айыл округуна караштуу №39 Сары-Таш орто мектебине көмүркана куруу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу №39 Сары-Таш орто мектебине көмүркана куруу үчүн үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымдын 20% 154208 сомдун 50 %ы 77104 (Жетимиш жети миң бир жүз төрт) сом акча каражаты Сары-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012-жылдын калдыгынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы Б. Тойматовго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |