Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 3/8
Алай РИИБнун Сары-Таш АИИБнун башчысы, милициянын майору
Б. А. Матаевдин билдирүүсүнүн негизинде
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айылынын Ош - Эркештам, Ош – Дароот-Коргон жана Сары-Таш – Бор-Дөбө жолдорунун кесилишине Сары-Таш МАБнун кызматкерлери тарабынан пост уюштуруу жагы Алай РИИБнөн жана райондук МАИден суралсын.
2. Ош шаарынан Эркештамга каттаган оор жүк ташуучу автомашиналардын Сары-Таш айылдык округунун айлана-чөйрөсүнө таштандыларды таштоосуна бөгөт коюу максатында Ош шаарынан Эркештамды көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу автомашиналардын кузовдорун Каратай айылындагы ПВКда текшерүү жагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар министрлиги менен Ош облустук МАИден суралсын.
3. Сары-Таш, Нура айылдарындагы жана Эркештамдагы соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин кечки саат 22.00дөн кийин сатууга тыюу салынсын, ал эми жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки сатууга тыюу салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алай РИИБнун Сары-Таш АИИБнун башчысы, милициянын майору Б. А. Матаевге милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |