Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 3/9
2013-жылдын 13-февралында Алай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан
кабыл алынган «2013-жыл -Ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт,
үрп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жылы» тууралуу талкуулоонун негизинде
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айыл округунун аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча айылдык кеңеш тарабынан Жобонун долбоору иштелип чыгарылсын.
2. Айылдык кеңеш тарабынан иштелип чыгарылган Жобонун долбоору эки айылда тең элдик жыйынга сунушталып, элдик жыйындарда кеңири талкууга алынсын жана эл тарабынан Жобого ылайык эки айылда өз-өзүнчө комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |