Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 3/10
“ЭлКат» ЖЧКсынын билдирүүсүнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-статьясынын негизинде”
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оптикалык-волокондук магистралды алып өтүү үчүн «ЭлКат» ЖЧКсына Эркештамдан Сары-Ташка чейин жана Сары-Таштан Талды-Суу айылдык округунун аймагына чейин Сары-Таш айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси төрт жылдык мөөнөткө, атап айтканда 2016-жылдын 31-декабрына чейин ижарага берилсин.
2. Сары-Таш айыл өкмөтү менен «ЭлКат» ЖЧКсы ортосунда мыйзамга ылайык ижарага берүү келишими түзүлсүн.
3. Тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы райондук Жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн, райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Б. Тойматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |