Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 3/11
Сары-Таш айылдык округунун
Фермердик Кошуундарынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун токтомун кароо
Сары-Таш айылдык округунун Фермердик Кошуундарынын мүчөлөрүнүн 2013-жылдын 12-февралындагы жалпы чогулушунун токтомун карап чыгып жана Кошуун Кеңешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айылдык округунун Фермердик Кошуундарынын мүчөлөрүнүн 2013-жылдын 12-февралындагы жалпы чогулушунун негизинде Сары-Таш Фермердик Кошууну жоюлсун.
2. Сары-Таш Фермердик Кошуунун жоюу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү Кошуун Кеңешинин төрагасы С. Ниязовго жана бухгалтерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |