Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-февралы № 3/12
“Муниципалдык менчиктеги жерлерди арендага берүүдө жана сатууда
Сары-Таш айыл округунун карамагында комиссиянын курамын түзүү тууралуу”
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги жерлерди арендага берүүдө жана сатууда Сары-Таш айыл округунун карамагында төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: - А/ө Жер адиси;
Катчысы: - Атыров Рысбек - Айылдык кеңештин депутаты,
Транспорт, коммуникация, электр тармагы жана
курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү;
Мучолору: - Шарипов Борубай - Айылдык кеңештин депутаты,
Айлана-чөйрөнү коргоо, коомдук тартипти сактоо, жерге
жайгаштыруу, айыл чарба жана жайлоо боюнча
туруктуу комиссиянын мүчөсү;
- Жолдошова Аида - А/ө салык инспектору;
- Шарипов Акназар - Нура айылынын айыл башчысы;
- Жумашов Замирбек - Нура айылынын тургуну;
- Майназаров Чолпонбай - Нура айылынын тургуну.
2. Түзүлгөн комиссия менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б. Тойматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин депутаты, Айлана-чөйрөнү коргоо, коомдук тартипти сактоо, жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана жайлоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Юсупов Аскарбекке милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |