Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 4/2
“Сары-Таш орто мектебиндеги жана Ы.Мону орто мектебиндеги
2011/2012-окуу жылынын жыйынтыгы, 2012/2013-окуу жылындагы аткарылып
жаткан иштердин абалына баа берүү тууралуу”
Сары-Таш айылдык Кеңеши Сары-Таш орто мектебиндеги жана Ы.Мону орто мектебиндеги 2011/2012-окуу жылынын жыйынтыгы жана 2012/2013-окуу жылындагы аткарылып жаткан иштердин абалын текшерүүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш орто мектебиндеги 2011/2012-окуу жылынын жыйынтыгы жана 2012/2013-окуу жылындагы аткарылып жаткан иштердин абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Сары-Таш орто мектебинин финансылык отчетторун өз убагында тапшырып, кетирилген кемчиликтерди жоюу мектеп директору Капарбекова Айымбүгө милдеттендирилсин.
3. Ы.Мону орто мектебиндеги 2011/2012-окуу жылынын жыйынтыгы жана 2012/2013-окуу жылындагы аткарылып жаткан иштердин абалы канааттандырарлык деп табылсын.
4. Ы.Мону орто мектебинин финансылык отчетторун өз убагында тапшырып, кетирилген кемчиликтерди жоюу мектеп директору Асранкулова Венерага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну жана муниципалдык кызматты көзөмөлдөө, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |