Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 4/5
Сары-Таш айылдык Кеңеши Чек-ара маселеси боюнча Айылдык Кеңештин депутаты
Алимбек уулу Азимбектин сунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 15-майынан Нура айылында жана Төрткүл участкасында айына эки жолудан чет өлкөлүк жарандардын жана Республиканын башка район- дорунан келген жарандардын документтерин текшерүүгө рейд өткөрүлүп турулсун.
2. Рейд өткөрүү тууралуу Кызыл-Суу чек-ара постуна эскертилсин.
3. Рейд жүргүзүүгө төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: - Сары-Таш айылдык ички иштер бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору - Матаев Б.
Комиссиянын мүчөлөрү: - Айылдык Кеңештин депутаты - Алимбек уулу А.Нура айылынын участкалык инспектору
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айылдык ички иштер бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору - Б. Матаевге милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |