Редакцияот 25.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын III заседаниеси

 

2013-жылдын 25-июну № 5/3

“Сары-Таш айыл өкмөтүнүн админстративдик

имаратын кайрадан куруу жөнүндө”

 

Сары-Таш айылдык Кеңеши Сары-Таш айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын кайрадан куруу тууралуу

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылынын калыбына келтирүү боюнча эсебиндеги 4131167 (төрт миллион бир жүз отуз бир миң бир жүз алтымыш жети)сом акча каражатын 2008-жылдын 5-октябрындагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен авариялык абалга келген Сары-Таш айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын курууга уруксат берилсин.

2. Айыл өкмөхтүнүн админстративдик имаратынын долбоорун (проектисин) даярдап берүү жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Тойматовго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө түзүлгөн комиссиядан суралсын.

 

Сары-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Эсенбаев