Редакцияот 05.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз заседаниеси

 

2013-жылдын  5-сентябры № 6/1

Сары-Таш айыл округуна караштуу №39 Сары-Таш орто мектебине

Эсенов Келдибайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө

 

№39 Сары-Таш орто мектебинин 2013-жылдын 3-сентябрындагы эмгек жамаатынын жана профсоюз уюмунун биргелешкен чогулушунун протоколунун негизинде жана Сары-Таш айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын 2013-жылдын 3-сентябрындагы №3 Токтомунун негизинде Сары-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №39 Сары-Таш орто мектебине Эсенов Келдибайдын ысмы ыйгарылсын.

2. Бул Токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Сары-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Эсенбаев