Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-январы № 11
Эркеев Мирбекке депутаттык мандат берүү тууралуу
Сары-Таш айылдык Кеңешинин депутаты Эсенов Исламбек Айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу, Эсенов Исламбектин депутаттык мандатын тапшыруу жана кезектеги талапкер Эркеев Мирбекке депутаттык мандат берүү тууралуу
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 16-декабрындагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгында депутат Эсенов Исламбек Айыл өкмөт башчылыгына шайланып, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык мандатын тапшырсын.
2. 2012-жылдын 25-ноябрындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун» жыйынтыгы боюнча тизмеде кийинки талапкер Эркеев Мирбекке депутаттык мандат берүү Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |