Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-февралы № 13/1
“Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2012-2013-жылдардагы бюджетинин
аткарылышы жана 2014-жылга бюджетти бекитүү, 2015-2016-
жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндө”
Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылда Сары-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 17 101,5 сомго жана чыгаша бөлүгү 16 766,3 сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2013-жылда Сары-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 13 173,6 сомго жана чыгаша бөлүгү 12 816,5 сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. 2014-жылга Сары-Таш айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 5 599,1 сомго жана чыгаша бөлүгү 5 599,1 сомго бекитилсин.
4. 2015-жылга болжолдуу бюджет 8 659,1 сомго 2016-жылга 10 592,1 сомго бекитилсин.
5. Сары-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы И.Эсеновго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |