Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-февралы № 13/3
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу «Алтын бешик
жибек жолу» балдар бакчасынын 2012-2013-жылдарга карата ата – энелер
жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша
бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу «Алтын бешик жибек жолу » балдар бакчасынын 2014-жылга карата ата – энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө.
Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылы Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу « Алтын бешик жибек жолу » балдар бакчасынын ата – энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 38100 сомго бекитилгендиги жана чыгаша бөлүгү 30 000 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2013-жылга Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу « Алтын бешик жибек жолу » балдар бакчасынын ата – энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 66 000 сомго жана чыгаша бөлүгү 42 000 сомго бекитилсин.
3. 2013-жылда аткарылбай калган ата-энелер жыйымынын 8100 (сегиз мин бир жуз) сом акча каражаты жана 2013-жылда аткарылбай калган ата-энелер жыйымынын 24 000 (жыйырма төрт мин) смо жалпы 32 100 (отуз эки мин бир жүз) сом акча каражаты толугу менен топтолуп айыл өкмөттүн атайын каражатынын киреше бөлүгүнө тез арада төгүлсүн жана балдар бакчасынын директору Г. Эсеновага милдеттендирилсин.
4. 2014-жылга “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасына кошумча тайпа ачылгандыгына байланыштуу ар бир балага 200 (эки жүз) сомдон 82 балага бир айга 16 400 (он алты мин төрт жүз) сом, бир жылга 174 400 (бир жүз жетимиш төрт мин торт жүз) сом го бекитилсин.
5. 2014-жылга Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын ата-энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 174 400 (бир жүз жетимиш төрт мин төрт жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 174 400 (бир жүз жетимиш төрт мин торт жүз) сом го бекитилсин.
6. Ата – энелер жыйымынан түшкөн 174 400 (бир жүз жетимиш төрт мин торт жүз) сом акча каражаты балдардын ысык тамагы үчүн азык-түлүккө (ст. 22181100 – 147 400 сомго) жумшалсын.
7. Атайын каражаттын акчасын өз убагынан кечиктирбей төгүү жана туура, максаттуу жумшалышын камсыз кылуу ошондой эле отчетун өз убагында айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын директору Г.Эсеновага милдеттендирилсин.
8. Атайын каражатты смета боюнча каржылоо жагын камсыз кылуу айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Бекмурзаевага милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет комиссиясынын төрагасы Б. Эмиловго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |