Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-майы № 14/2
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынын көчөлөрүн
жарыктандыруу жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынын көчөлөрүнө 1 км аралыкка жарыктандыруу коюулсун.
2.Жогорудагы жарыктандыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3.Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу,көрсөтүү мыйзам чегинде аткаруу жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сартовго жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |