Редакцияот 14.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV заседаниеси

 

2014-жылдын 14-майы № 14/7

1.Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын.

2.Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетине ар бир малдын башына  төмөндөгүдөй жайыт салыгы бекитилсин.

1.Жылкыга ( 1 башка) – 50 сом.

2.Бодо малга ( 1 башка ) – 50 сом.

3.Майда жандыкка ( 1 башка ) -10 сом.

3.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагына, башка айыл өкмөттүн аймагынан алып келинген ар бир малдын башына төмөндөгүдөй жайыт салыгы бекитилсин.

1.Жылкыга ( 1 башка) – 150 сом.

2. Бодо малга ( 1 башка ) – 150 сом.

3.Майда жандыкка ( 1 башка ) -30 сом.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Асановго милдеттендирилсин.

 

Сары-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

С. Эсенбаев