Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 15
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде 2014-жылдын 1-июлуна карата
жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүүлөрдү
киргизип берүү жөнүндө
Сары-Таш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде жериликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн кээ бир түрлөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.
Киреше бөлүгү
Аталыштары | статья | сумма | II квартал |
Ыктыярдуу патент | 11122200 | 5,0 | 5,0 |
2- топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 11311200 | 7,8 | 7,8 |
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 11321100 | 7,3 | 7,3 |
Сатуудан алынуучу салык | 11412100 | 10,0 | 10,0 |
Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн | 14151200 | 805,5 | 805,5 |
жалпысы | 835,6 | 835,6 | |
2.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү беренелерине өзгөртүүлөр киргизилсин.
Чыгаша бөлүгү
Бөлүмчө | аталышы | берене | эмне себептен | сумма |
708 | китепкана | 3111 | актив | 835,6 |
жалпысы |
|
| 835,6 | |
3.Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн статьяларга кошумча план киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана статьялар боюнча туура, так мыйзам чегинде пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |