Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-майы № 16
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновдун 18-июнь
2014-жылдагы № 62 билдирүүсүнүн негизинде
Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылында 2014-жылдын январь айында аба ырайынын сууктугуна байланыштуу Мазар-Булак суусунан түшкөн суу тоңуп, кузгундап натыйжада Шарипов Акназар, Шанаев Дөөлатбек, Жумашов Адыл, Качыбекова Элмира аттуу Нура айылынын жашоочуларынын үйлөрүн муз каптоо коркунучу келип чыккан. Ушул табигый кырдаалдын алдын алуу максатында алгачкы жардам көрсөтүлүп Мазар-Булак каналынын жээгине 15 самосвал топурак түшүрүлүп бийиктетилип тосулган. Ушул каналдын жээгин тосууда погрузчик трактор менен самосвалга иштетилген күйүүчү майдын (350литрх43,50=15225) 350литр солярка 43,50сомдон жалпы он беш мин эки дүз жыйырма беш сом чыгымын жабуу максатында 702-разделдеги (оборона) 22154900 статьясынан 22141100 статьясына которуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.К.Эсеновго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |