Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 20/1
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын
башчысы Г.Эсенованын билдирүүсүнүн негизинде
Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын пландан ашыкча аткарылган акча каражатынын эсебинен “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн 103 400 (бир жүз үч мин төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын которуу жагы ФЭБ башчынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Сапарбаевага жүктөлсүн.
3. Бөлүнгөн акча каражатын өз убагында жана туура, максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу, отчетун өз убагында айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшыруу жагы “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасынын башчысы Г.Эсеновага милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |