Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июну № 14-1
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги № 1 көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап,депутаттардын сунушун эске алуу менен төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлбаар айылындагы Жеңиш участкасындагы 1- көчөгө Ибайдуллаев Абдивалинин көчөсү.
Андан кийинки көчөгө мурдатан Сайназаров Орозбайдын аты ыйгарылып 2010 –жылы айылдык кеңештин сессиясында бекитилген.
Андан кийинки Муса ажынын үйүнө кетүүчү көчөгө № 1 Жеңиш көчөсү,андан кийинки «Молдо Зулпукаар» мечитине кеткен көчөгө № 2 Жеңиш көчөсү,Андан кийинки Сагынбаев Даниярбектин үйүн жанынан ичкери кирген көчөгө № 3 Жеңиш көчөсү деп аталсын.
2. Манас участкасындагы Турдибаев Шавкаттын үйүнүн жанынан ичкери кирген 1- көчөгө Маматов Кабул молдон көчөсү деп аталсы.
Андан кийинки Маккамов Жумабайдын үйүнүн жанынан өткөн ички көчө «Ынтымак көчөсү» деп аталсын.аталды элдик чогулуштун протоколу бар.
3.Андан кийинки Манас айылын аралаган негизги көчөгө мурдатан Т.Токтобаевдин аты ыйгарылып 2007 –жылы айылдык кеңештин сессиясында бекитилген.
Андан кийинки эски Гагарин көчөсү «Орозов Зулпукаар» көчөсү деп аталсын
Ормонов Токтосундун үйүнүн жанынан «Молдо Ороз» мечитине карай кеткен көчө Салиев Кадырбердинин үйүнө чейин «Молдо Ороз ажы» көчөсү деп аталсын. 012- .
Андан кийинки Матиев Сабырдын үйүнүн артынан «Худайназар» мечитине
карай кирген көчө № 1 Манас көчөсү деп аталып бекитилсин.
4. Бирлик участкасындагы Маңгы.Гүлбаар жолу Мамат Тагаев көчөсү деп мурдатан аталып 2007-жылы айылдык кеңештин сессиясында бекилген.
Андан Тагаева Кариманын үйүн жанына кирген көчөгө Ташматов Бекташ деп аталып бекитилсин.
Андан кийинки Ташматов Рахматтилланын үйүнүн жанынан кирген көчөгө Ж.Юунусов көчөсү деп бекитилсин.
Андан кийинки Тагаев Жуманазардын үйүнүн жанынан кирген көчө Жакшыбаев Абдырайымдын үйүнө чейин№ 1 Бирлик көчөсү деп бекитилсин.
Андан кийинки жаңы айыл түшкөн Мурзаев Жаныбектин үйүнүн алдынан кирген көчө № 2 Бирлик көчөсү деп бекитилсин.
5. Жаштык участкасындагы кирген Курбанбаев Таланттын камогунан ичкери кирген көчө Маматов Мырзамат көчөсү деп бекитилсин.
-Токуров Исаманалинин үйүнөн Калмурзаев Турсунбайдын үйүнө чейинки көчөгө Мурзаев Кожоакматтын аты бекитилсин.
6. Матмусаев Абдувахабдын үйүнүн жаныдагы көчө Эргешов Мадан ажынын үйүнүн жанынан кирген көчөгө Тегирменден түз айылына кеткен жолдун Жаанбаев Өмүрдүн үйүнө чейин,Тегирменден ылдый Жороев Маккамбайга чейин Шерматов Мураталинин аты бекитилсин.
Шарипов Асилбектин үйүнүн жанынан кирген көчөгө Токтакунов Акбардын үйүнө чейин Мамаев Эргештин аты бекитилсин.Эски Бакинский көчөсү Кыргызстан көчөсү деп бекитилсин.
7. Соколок айылына кеткен Туратов Момундун аты берилди. Соколок айылындагы Туратов Кудайбердинин үйүнөн баштап Соколок көчөсү деп бекитилсин.
8. Жаңы-Жол участкасындагы Чоңмурунов Абдурасулга кирген көчө « Нур Молдо» көчөсү деп аталсын. Чоңмурунов Абдурасулга кирген көчө « Нур Молдо» көчөсү деп аталсын.
Тенгизбаев Камалдиндин үйүнөн Карабаев Пазылдын үйүнө чейин № 1 Жаңы-жол көчөсү бекитилсин.
Дехканов Замирдин үйүнөн Пакирдинов Анарбайдын үйүнө чейин № 2 Жаңы-жол көчөсү деп аталды. Халикулов Шариптин үйүнөн Абдуллаев Аваздын үйүнө чейин
№ 3 Жаңы-жол көчөсү деп бекитилсин.
Жапаров Мырзалинин үйүнөн Ашимов Жолдоштун үйүнө чейин № 4 Жаңы-жол көчөсү деп бекитилсин.
Беканов Момундунүйүнөн Сатаров Шамбеттин үйүнө чейин № 5 Жаңы-жол көчөсү деп бекитилсин.
Сатаров Мураттын үйүнөн Сатаров Токурдун үйүнө чейин № 6 Жаңы-жол көчөсү деп бекитилсин.
Чоңмурунов Базарбайдын үйүнөн Бекмуратов Эргештин үйүнө чейин
№ 7 Жаңы-жол көчөсү деп бекитилсин
Мурзаев Адылбектин үйүнөн Джуманов Курбаналинин үйүнө чейин № 8 Жаңы-жол көчөсү деп бекитилсин.
Жолдошов Анарбектин үйүнөн Токсонбаева Ибадаттын үйүнө чейин № 9 Жаңы-жол көчөсү деп бекитилсин.
Маматов Амирбектин үйүнөн Мурзаев Касымдын үйүнө чейин
№ 1 Ынтымак көчөсү,
Кулмурзаев Заирдин үйүнөн Жусупов Нурландын үйүнө чейин
№ 2 Ынтымак көчөсү,Кулмурзаев Календин үйүнөн Жусупов Абдыкаардын үйүнө чейин № 2 Ынтымак көчөсү деп аталып бекитилсин.
Юлбаев Сафардын үйүнөн Кенжебаев Нурматтын үйүнө чейин
Жаңы-Жол, Черемушка көчөсү деп аталып бекитилсин.
Арапбаев Абдибаиттин үйүнөн Мурзаев Абдинабинин үйүнө чейин Жаңы-Жол Ленин көчөсү деп аталып бекитилсин.
9. Алыскы бийик тоолуу Кичик-Алай айылындагы көчөгө Кызыл-Шоро көчөсү,Сарык –Могол участкасындагы көчөгө Сарык –Могол көчөсү, Күндөлүк айылындагы көчө күндөлүк көчөсү,Майдан-Тал айылындагы көчө Майдан-Тал көчөсү.Миң-Теке айылындагы көчө Миң -Теке көчөсү, Сары-Булак айылындагы көчө Сары –Булак көчөсү, Чөгөм айылынын Ак-Талаа участкасындагы көчөгө Ак-Талаа көчөсү,андан кийин Теке-Таш участкасындагы көчөгө Теке-Таш көчөсү, андан кийин Тектир көчөсү,Андан кийин Загыра жайлоосуна чыккан жол Чүңүр көчөсү деп аталсын.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |