Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Петровка айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 30-апрели № 50-3
“Таза Петровка» Муниципалдык ишканасынын уставын бекитүү
жана «Чистая Петровка» муниципалдык ишканасы
менен келишимин түзүү жөнүндө, Петровка айыл өкмөтү Муниципалдык
ишкана түзүүгө макулдугун берүү жөнүндө”
« КР-нын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18, 62 – беренесине ылайык айылдарды көрктөндүрүү жана тазалоо , таштандыларды чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана ачуу үчүн Петровка айыл өкмөтүнүн макулдугун угуп жана талкулап:
Петровка айыл аймагынын Кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
«Таза Петровка» муниципалдык ишкана ачуу үчүн Петровка айыл өкмөтү макулдугун берсин.
2. «Таза Петровка» муниципалдык ишканасынын уставы бекитилип жана келишим түзүлсүн.
3. «Таза Петровка» муниципалдык ишканасынын мындан аркы чарбалык иштерин уюштуруу жана КР-нын юстициясында каттоо, укук – уюштуруу иш чараларды Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркулов К.Б.-ке жүктөлсүн, ошондой эле жаны бекитилген ишканага уюмдаштыруучу иш кагаздарга кол коюуга улуксаат берилсин.
Петровка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Бейшеналиев
|