Редакцияот 28.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

 

2014-жылдын 28-ноябры № 16-10

Керме-Тоо айылдык кенешинин депутаттары айыл өкмөтүнүү ФЭБ башчысы А.Рысбаеванын Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2014-жылыдын ичинде жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн кирешелери, жыл башына бекитилген планга карата, 2014-жылдын 9 айында өзгөртүүлөрдү кошуп эсептегенде 511,7 миң сом суммасында артыкчылыгы менен бекитип берсеңиздер деген сунушун карап, кызуу талкуулап Керме-Тоо айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

12.1). Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2014-жылыдын ичинде жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн кирешелери, жыл башына бекитилген планга карата,2014-жылдын 9 айында өзгөртүүлөрдү кошуп эсептегенде 511,7 миң сом суммасында артыкчылыгы менен бекитилсин. (№ 1-тиркеме тиркелет).

2). Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашасынын каржылоо каражаттары, 2014-жылдын 9 айындагы өзгөртүүлөрдү кошуп эсептегенде 511,7 миң сом суммасында кошумчасы менен белгиленсин. (№2-тиркеме тиркелет).

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Тажибаев