Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-марты № 11
Кароол айыл өкмөтүнүн жайыттарынын тышкы чек
араларын жана анын аянттарын бекитүү жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн жайыттары Дөң-Булак айыл өкмөтү, Баш-Дөбө айыл өкмөтү, Кызыл-Тоо айыл өкмөтү, Куршаб айыл өкмөтү, Алтын-Булак айыл өкмөтү, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен чектешет. 2013-жылдын 20-февралындагы актыларына ылайык чектешкен участкалар боюнча талашуулар, пикир келишпестиктер жок. Кароол айыл өкмөтүнүн жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аянттарын бекитүү жөнүндө «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн жайыттарынын сырткы чек аралары Дөң-Булак айыл өкмөтү, Баш-Дөбө айыл өкмөтү, Кызыл-Тоо айыл өкмөтү, Куршаб айыл өкмөтү, Ак-Жар айыл өкмөтү, Жалпак-Таш айыл өкмөтү, Алтын-Булак айыл өкмөтү, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен чектешкен чек аралары бекитилсин.
2. Кароол айыл өкмөтүнүн жалпы жайыттарынын аянты 6242 гектар.
3. Бул токтомдо көрсөтүлгөн чек ара жана жайыттардын аянттарын макулдашуу жагы Өзгөн райондук жайыттарды тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Азизов А.А.) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |