Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 4 сессиясы
2013-жылдын 19-марты № 14
“Ветеринардык сервистерди өнүктүрүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып Кароол айыл өкмөтүнүн аймагында эпизоотикалык абалды туруктуу сактоо жана ветеринардык сервистерди өнүктүрүү максатында Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 4- сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн «Кароол», «Мырза-Арык», «Шералы » ветеринардык сервистеринин салык төлөөсүн патент ыкмасына өткөрүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик салык кызматтына сунушталсын .
2. Менчик ветеринардык сервистердин салык төлөөсүн , патент ыкмасына өтүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин профилдик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү документтерди жөнөтүү жагы райондук мамлекеттик салык кызматына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |