Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 4 сессиясы
2013-жылдын 6-апрели № 19
Кароол айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы, 2013-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү жана 2014-2015 жылдарга бюджеттин проектисин кабыл алуу жөнүндөгү маселе «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссияда» каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 27052,8 миң сом, чыгашалары боюнча 27261,0 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2013-жылга Кароол айыл өкмөтүнүн бюджети негизинен өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен кирешелер жана чыгашалары 26582,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин (№ 1-2 – тиркеме).
3. Кароол айыл Өкмөтүнүн 2014-2015- жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принсиптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервтик фонду 250,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (Эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) каржылануусу белгиленет.
6. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2014- жылдын 1- январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Айыл өкмөтунун 2012- жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2013- жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
8. Мурунку жылдардан өндүрүлбөгөн салыктарды жана жыйымдарды өндүрүү үчүн 2013- жылдын 1- июнуна чейин айыл өкмөтүнө мөөнөт берилсин жана чыгармачылык менен иштеп, жаны каржы булактарын табу менен иш алып бару Кароол айыл өкмөт башчысына (К. С. Орунбаев) милдеттендирилсин.
9. Жыл сайын бюджеттик коомдук угуу (бюджеттик угуу) өткөрүлсүн жана ага кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттен каралсын.
10. Ар бир кызматтын отчетун бекитүүдө элдин пикири эске алынсын. Элдин пикирин эске алуу учун «жарандардын баалоо карточкалары» пайдаланылсын жана ага кеткен чыгымдар жергиликтуу бюджеттен каралсын.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |