Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 4 сессиясы
2013-жылдын 6-апрели № 20
Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2012-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн бюджеттен 260,4 миң сом, акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселе «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссияда» каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалары боюнча 260,4 миң сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмгө жумшалсын:
- айыл чарбасына 200,0 миң сом.
- башкаруу аппаратына АКОБторго 60,4 миң сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |