Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 5 сессиясы
2013-жылдын 6-апрели № 27
Айылдык кеңештин укуктук-нормативдик актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Кароол айылдык кеңешинин аймагында туруктуу жашаган калктын 50%дан ашыгы мамлекеттик (кыргыз) тилинде сүйлөгөндүгүнө байланыштуу, ар кандай мамлекеттик документтерди жазуу кыргыз тилинде жүргүзүлүшү жөнүндө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык кеңешинин аймагында туруктуу жашаган калктын 50%дан ашыгы кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүнө байланыштуу, мамлекеттик иш кагаздары кыргыз тилинде жазуу жагы алып барылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Суранбаев) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |