Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 6 сессиясы
2013-жылдын 17-июну № 33
Кароол айылдык кеңешинин Шералы айылынын жашоочуларынын арыздарын канаатандыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- статьясынын 3-пунктунда жана 23- статьясынын негизинде Шералы айылынын атуулдарынын арыздарын канаатандыруу максатында Шералы айылындагы Кирпич заводун чыгыш тарабынан 1,40 га, түндүк- чыгыш тарабынан 0,70 га айыл- чарбасына ыңгайсыз жерденжеке менчик турук жай куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү үчүн айылдык кеңештин кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шералы айылындагы Кирпич заводунун чыгыш тарабынан 1,40 га, түндүк- чыгыш тарабынан 0,70 га айыл чарбасына ыңгайсыз жерден жалпы болуп 2,10 га жер аянты жеке менчик турак жай куруу үчүн берилсин (айыл чарбасына ыңгайсыз жер экендигин тастыктаган дркументтер, жердин планы тиркелет).
2. Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алуучулардын тизмеси берилген документтерди анализдөөнүн негизинде мыйзам ченеминде айылдык кеңештин алдындагы “Атуулдарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү” боюнча комиccия аныктасын.
3. Керектүү иш кагшаздарын даярдап берүү жагы Өзгөн райондук «Мамкаттоо» башкармалыгына жана Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Жеке менчик турак жай куруу үчүн берүүлүчү жер участогунун аянты 0,06 га өлчөмүндө белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К. М. Укуловго тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |