Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 5 сессиясы
2013-жылдын 17-июну № 34
Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Шералы айылында жалпы элдик
көрустөнгө (кабырстанга) жер аянтчасын бөлүп берүү жөнүндө
Кароол айылдык кеңешинин Шералы айылынын тургундарынан элге көрүстөнгө (кабырыстанга) жер ажыратып берүү жөнүндөгү арызын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын үчүнчү главасынын 18 – беренесинин 8- пунктчасына жана 4-главасынын 31-беренесинин 5-пунктчасына ылайык Кароол айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезексиз алтынчы сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн Шералы айылындагы жаңы көрүстөнгө (кабырстанга) берилген 3 (үч) га жер аянтына кабырстандын жанынан кошумча кошулуп 4,5 га жер аянты бөлүнүп берилсин (Шералы айылынын тургундарынын элдик ашар жолу менен тосулган тилкеси, жалпысынан7,5 га).
2. Кароол айыл өкмөтүнүн башчысына Шералы айылындагы жаңы көрүстөнгө (кабырстанга ) берилген 3 (үч )га жер аянты боюнча ______- жылдагы № _____ токтомуна жер аянтынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу өзгөртүү киргизүү сунушталсын.
3. Жалпы көрүстөнгө (кабырстанга ) берилген 7,5 га жер аянттын иш кагаздарын керектүү мыйзамдарга ылайык мыйзамдаштыруу боюнча ушул токтомду аткаруу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер менен дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |