Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 19-сентябры № 2
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак айылынын Тескей бөлүмүндагы
жерди айыл өкмотүнүн эсебине алынган 6.84 га жер үчүн Кара-Таш айыл өкмөтүнүн
эсептик счетина 53300 сом акча өткөрүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Тескей бөлүмүндө жайгашкан 6.84 га көп жылдык бак жерлер мурдагы союз мезгилиндеги Маданият колхозу тарабынан Ноокат райондук керек жарак коомунун көмокчү чарбасына убактылуу пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилген. Ноокат райондук керек жарак кому реорганизация бөлүшу себебтуу ал жерге Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө кайтарылып берилиши керек бөлчү. Ошондой эле коншулаш Кара-таш айыл өкмөтүнө Ноокат райондук керек жарак коомунан жер берилиши керек бөлчү. Кара-Таш айыл өкмөтү бардык жерлерди алуу үчүн соттук кароо иштерин жүргүзүп жерлер алынган. Соттук кароо жана башка иштер үчүнКара-таш айыл өкмөту акча каражаттары иштеткен. Ошндуктан биз 6.84 га жер үчүн Кара-Таш айыл өкмөтүңо 53300 сом акча каражаттарын өткөрүп беришибиз керек. Ошондуктан аталган сумманы айыл өкмөтүнүн кошумча булактарынын таап, өткөрүп берүүнү камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак айылынын Тескей бөлүмүндагы жерди айыл өкмотүнүн эсебине алынган 6.84 га жер үчүн Кара-таш айыл өкмөтүнүн эсептик счетина 53300 сом акча өткөрүп берилсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |