Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 19-сентябры № 3
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Водокачка бөлүмүндөгү М Махмудовдун жеке менчигиндеги жерди инвентаризациялоо убагында аныкталган 0.36 га артыкча жерди айыл өкмөтүнүн балансасына алуу тууралуу
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Водокачка бөлумүндөгү айыл тургуну М.Махмудовдун жеке менчигиндеги 0.69 га жер аянтын инвентаризация кылынган учурда аныкталган 0,36 га артыкча жерди айыл өкмотүнүн балансасына алуу боюнча түзулгөн комиссиянын текшеруу актиси боюнча материалдарди карап чыгып жана талкулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылынын Водокачка бөлүмүндөгү М Махмудовдун жеке менчигиндеги жерди инвентаризациялоо убагында аныкталган 0.36 га артыкча жер айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2 Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |