Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 19-сентябры № 4
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак-жай куруу үчүн берилүүчү жерлер боюнча комиссия курамын бекитүү жана берилүүчү жер участоктун көлөмүн бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн коллегиясынын отурумунун токтому менен КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25- декабрындагы №707 «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан жерлерди котору жөнүндөгү» жана Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 2014-жылдын 7- июлундагы №30 «Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жеке менчик турак-жай курууга ото муктаж болгон атуулдардын арыздарын канааттандыруу максатында «Запастагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомдорун негизинде Жаңы-Ноокат аймагынын тургундарына турак-жай куруу үчүн жер участок берүү бөюнча жумушчу комиссиянын курамын карап чыгып, комиссиянын төрагалыгы боюнча айыо өкмөтунүн башчысынын орун басары А.Хажимаматовдун өзүнүн каалосу менен комиссия төрагалыган чыгып кетүү боюнча билдирүүсүнүн негизинде комиссиянын төрагалыгына айыл өкмөтүнүн башчысынын бекитүү боюнча макулдашууну эсепке алып жана айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн берилүүчү жер участоктордун көлөмү 6 (алты) сотиктен болушу боюнча бир пикирге келип жаңы-ноокат айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак-жай куруу үчүн берилүүчү жерлер боюнча комиссия курамы бекитилсин.
2 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак-жай куруу үчүн берилуучу жер участоктун көлөмү 6 (алты) сотиктен белгиленсин.
3 Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына турак-жай куруу үчүн берилуучу жер участок комиссиясынын төрагасы болуп айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Юлчиев бекитилсин.
4 Токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |