Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 19-сентябры № 1
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58 кесиптик лицейдин
материалдык-техникалык базасын чындоо чаралары жөнүндө
№ 58 кесиптик окуу жайынын жайынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн кошумча окуу лабараториялык каналардын жетышсыздыгы, окуу жайынын окуучуларынын санын көбөйгөндүгү боюнча айыл өкмөтүнүн адистери жана айылдык кеңештин депутаттары изилдоо иштерин жүргүзүшүп,бул окуу жайы Жаңы-Ноокат айылына канчалык пайда алып келишин расчеттарын чыгарган.
Азыркы күндө кесиптик окуу жайында 285 бала окуп жатса бир айына 426966.25 сом мамлекет тарабынан берилип жатат. Эгерде окуучулардын санын 570 балага жеткирсек бир айына мамлекет тарабынан 941882 сом акча каражаттары болунот. Дагы 35 жумушчу орун түзүлөт. Бул дегени ушунча жумушсуз жургондор жумуш менен камсыз болот. Балдардын санына карап мамлекет тарбынан атайын техникалар бөлунөт. Атайын кесипке ээ болгон жаштардын саны артат.
Ошондуктан бул маселени чечилишин тездетүү маселесин карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58 кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасында жетишсиздиктер бар экендиги, материалдик-техникалык база учурдун талабына туура келбестиги белгиленсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы №58 кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасын чындоо максатында кесиптик окуу жайына кошумча окуу имарати куруу же кошумча окуу каналары ажыратып беруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |