ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 8-октябры № 1
Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын экономика тармактарын жана калкын
2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо, электр энергиясынан
пайдалануу боюнча бекитилген лимиттен үнөмдү пайдалануу чаралары жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын экономикасынын тармактарына жана калкына
бардыгы болуп 4689 тонна көмүр даярдалышы пландаштырылган. Анын ичинен 359
тонна айыл аймагындагы мектептер үчүн, 30 тонна № 58 кесиптик окуу жайы үчүн,
30 тонна айыл калкы үчүн.
Мектептер боюнча
Амир Темур атындагы орто мектебине- 156 тонна БСШ маркасындагы
М Эргашов атындагы орто мектебине -156 тонна БСШ маркасындагы
Темир-Корук орто мектебине -21 тонна БК маркасында
Агарт мектебине -4.2 тонна БК маркасында
№58 кесиптик лицейине -30 тонна БК маркасында
Айыл калкы үчүн -4300 тонна БСШ жана БК маркасында
көмүр даярдоо пландаштырылган.
2014-жылдын сентябрь айында көмүр сатып алуу боюнча тендер өторүлүп,
өткөрүлгөн тендирдын женүүчүсү «Жиптик эки» дыйкан чарбасы айыл өкмөтү менен 2014-жылдын 4- сентябрында 56.4 тонна БК маркасындагы көмүр үчүн бир тоннасына 4500 сомдон, 312 тонна БСШ көмүр үчүн бир тоннасына 2000 сомдон келишим түзүлгөн.
2014-жылдын 1- октябрына карата мектептерге бардыгы болуп 166 тонна көмүр ташып келтирилди.
Мындан сырткары электр энергиясы менен камсыз кылууда үзүлүштөр болушу мүмкүн экендиги боюнча алдын ала прогноздордун негизинде электр энергиясына алтернатывдик болгон электр моторлорун сатып алуу боюнча тапшырмалар жер-жерлерге жеткирилди. Азыркы күндө Амир Темур орто мектебине ЭПЗ 100 маркасындагы электр мотор сатып алынып келинди.
Мектептерге көмүр канчалык керек болсо, электр энергиясы ошончалык зарыл. Ошондуктан алдын ала эсептөөлөр боюнча 2014-2015-күз кыш мезгилине 766.4 квт электр энергия зарыл.
Угулуп жана талкууланган маселе боюнча жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мектептерге бала бакчаларына жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына жеткирилген лимитти сактоону камсыздоону жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө электр энергиясын пайдалануу боюнча бекитилген лимит сакталсын,белгиленген лимиттен ашыкча сарпталган учурда,айыл аймагында электр энергиясы кошумча өчүрүүлө тургандыгы эске алынсын.
3. Жылытуу мезгили башталганга чейин графиктин эрте мененки саат 9-00 дөн кечки саат 18-00 гө чейин, кыш мезгилинде эртеменнки саат 9-00 дөн кечки саат 17-00 гө чейин өчүрүүлө тургандыгы боюнча макулдашылгандыгы жөнүндө электр пайдалануучуларга жеткиришсин. Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкери жана айыл өкмөттүн айыл башчысы,имамдар менен биргеликте.
4. Мектептерди, балдар бакчаларын жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кыш мезгилине үзүлтүүсүз иштөөсүн камсыздоо үчүн элдин, демөөрчүлөрдүн жана ишкерлердин колдосу менен атайын электр кыймылдаткычтарын сатып алуу уюштуруу чаралары көрүлсүн.
5. Айыл аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн сатуу пунктарын ижарасыз ачып,аларда көмүр дайыма болушун жана көмүрдүн туруктуу баада сатылышын көзөмөлгө алсын.
6. Электр чубалгаларына тийген бак-дарактарды кесүүнү кыска убакыттын ичинде аякталсын.
7. Ушул сессияда кабыл алынган чечимдерди айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, коомдук уюмдар жана таасирдүү адамдар менен биргеликте элдин калын катмарына жеткирсин.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |