Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 1
Жергиликтүү кеңештердын жетекчилерин окутуу боюнча
курсунда билдирилген тапшырмалар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Ош шаарында уюштурулган жергиликтүү кеңештердын жетекчилерин окутуу курсунда билдирилген тапшырмаларды Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Ош шаарында уюштурулган жергиликтүү кеңештердын жетекчилерин окутуу курсунда билдирилген тапшырмаларды Жаңы-Ноокат айыл аймагында иш жүзүнө ашыруу айылдык кеңештын депутаттарына тапшырылсын.
2. Жер-жерлерде уюштурулган чогулуштарда ушул токтом боюнча маалыматтарды шайлоочуларга жеткирүү айылдык кеңештын депутаттарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын туруктуу комиссияларын төрагаларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |